Радио

Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров өлкөдө өндүрүш ишканалары дээрлик иштебей жатканын белгиледи.
Sputnik
Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө экономикасында секирик жасай турган кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 30 жылдын ичинде курулуш жана тейлөө тармагы гана көтөрүлгөн.
"Соңку 30 жылдын ичинде өлкөдө экономикалык секирик кыла турган кадамдарды жасай алган жокпуз. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда экономиканын структурасында айыл чарба тармагы 36 пайыз, өндүрүш 27 пайыз, курулуш сегиз жана тейлөө тармагы 33 пайызды түзчү. Кийин айыл чарба 12 пайызга түшүп калган. Ортодогу айырмачылык дээрлик 24 пайыз. Учурда өндүрүш 18 пайызды түзгөнү менен анын ичине Кумтөр да кирет. Өлкөдө салыштырмалуу жакшыраак абалда иштеп жаткан жалгыз гана тейлөө тармагы болуп калды. Пандемия учурунда бул багыт да аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет деген үмүттөмүн", — деди Абдыров.
Ошондой эле ал пандемиядан көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартканын айтып, бирок аларда инновация өнүккөндүктөн анча кооптуу жагдай жаралбаганын кошумчалады.