ЖМК: дүйнө жүзү боюнча кампаларда топтолгон мунай запасы түгөндү

Маалыматка караганда, запас учурда бир гана Кытайда калды. Алар мунайды нефть иштетүүчү жаңы ишканалар үчүн сактап турат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Пандемия учурунда суроо-талаптын азайышынан улам кампаларда топтолуп калган мунай запасы дээрлик түгөндү. Бул тууралуу Эл аралык энергетика агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, запас учурда бир гана Кытайда калды. Алар мунайды нефть иштетүүчү жаңы ишканалар үчүн сактап турат.
"Февраль айында дүйнө жүзү боюнча топтолгон мунайдын бештен бир бөлүгү гана калган. Андан бери дагы азайды. Калыбына келип жаткан дүйнөлүк экономикада күйүүчү майга суроо-талап өтө жогору болуп жатат", — деп айтылат кабарда.
Өткөн аптада Эл аралык энергетика агенттиги мунайга болгон баа дагы беш пайызга өскөнүн айткан.
Дүйнөлүк рыноктогу баалар Кыргызстанга дагы таасирин тийгизүүдө. Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлүп, апрель айында бензин алты пайызга, дизель майы тогуз пайызга кымбаттай турганы күтүлүп жатканын айткан.