Бишкектеги турак жайлардын көпчүлүгүндө 4 күн бою ысык суу болбойт

Маалыматка караганда, жылуулук тармактарына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн даярдык иштери аткарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектин жеке секторлорунда 21-24-апрель аралыгында ысык суу өчүрүлөт. Кеп "Бишкек жылуулук тармагына" кошулган үйлөр жөнүндө болуп жатканын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жылуулук тармактарына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн даярдык иштери аткарылат.
"Ысык суу жеке секторлордо гана өчүрүлөт. Көп кабаттуу үйлөргө тиешеси жок", — дешти ишканадан.
Ысык сууга жеке сектордогу көптөгөн турак үйлөр кошулганы белгиленип, алардын бардыгында тең суу өчүрүлөрү эскертилди.