КЭДП Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоо жарышынан четтетилди. Себеп

Аталган партия болжолдуу эсептөө боюнча шаардык кеңешке киргендердин арасында үчүнчү сапты ээлеген. Саясий уюм БШКнын чечимине үч күн ичинде даттана алат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектин аймактык комиссиясы Кыргызстан элдик-демократиялык партиясын шайлоо жарышынан четтетти. Бул тууралуу Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.
Чечим кечээ кабыл алынган. Буга шайлоо күнү добуш сатып алуу, үгүт иштерининин жол-жобосун бузуу, партиянын каржылоосу жана башка нерселер себеп болушу мүмкүндүгү айтылат.
"Партия БШКнын чечимине үч күн ичинде даттанса болот. Эгер Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими партияга жакпаса, сотко да бере алат", — деп эскертти аталган мекеме.
Шайлоого келбегендерге чара көрүш керек. Депутаттын өзгөчө демилгеси видеодо
Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-апрелде өткөн. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, "Эмгек"  партиясы (10 мандат), экинчи "Ак-Бата" партиясы (9 мандат) өттү. Андан кийинкиде сегиз мандант менен КЭДП турган.
Ошондой эле шаардык кеңешке "Ата-Журт Кыргызстан", "Ынтымак" жана "Биздин эл" партиялары өткөнү болжолдонду. Расмий маалымат добуштарды кол менен саноо аяктаганда айтылат.