Бишкектин айрым жерлеринде үч күн бою газ жок болот

Коопсуздук техникасынын эрежелери боюнча, жаңы конушту газга туташтырууда орточо басымдагы газ түтүктөрүн дагы өчүрүүгө туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" компаниясы Алтын-Ордо конушуна газ киргизип жаткандыктан Бишкектин кээ бир жерлеринде көгүлтүр от үч күн бою жок болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, 19-21-апрель аралыгында Путепроводная, Виноградная, Ауэзов көчөлөрүндө жана Туңгуч кичи районунда газ берүү үзгүлтүккө учурайт.
Мындан тышкары, REEMSTMA, "Алтын-Ажыдаар", "Курулуш комбинатынын материалдары", "Пекарня", "Жанар" ишканаларына дагы газ берилбейт.
"Коопсуздук техникасынын эрежелери боюнча, жаңы конушту газга туташтырууда Валиханов жана Анкара көчөлөрүндөгү орточо басымдагы газ түтүктөрүн дагы өчүрүүгө туура келет", — деп айтылат маалыматта.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы жарандарды жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырды.