Желим бөтөлкөдөгү суунун ден соолукка зыяны айтылды

Адис крандан чыккан сууда зыяндуу заттар бар экенин айтып, бирок желим бөтөлкөдөгү суу андан кем калбай турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россиялык эксперт, биохимик Мария Кулешова желим бөтөлкөдөгү суу адамдын ден соолугуна канчалык зыян алып келерин "Прайм" агенттигине маек берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
Адис крандан чыккан сууда бир катар зыяндуу заттар бар экенин айтып, бирок желим бөтөлкөдөгү суу андан кем калбай турганын белгилеген.
"Швециянын окумуштуулары желим бөтөлкөдөгү сууну ичкен адам ракка кабылуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатып аларын далилдешкен. Эгер күндө туруп калган желим бөтөлкөдөгү сууну ичсе, ракка кабылуу тобокелчилиги 10 эсеге чейин өсөт", — деген Кулешова.
Эксперт крандан чыккан суу да таза эместигин белгилеп, анда токсиндер жана нитраттар бар экенин кошумчалаган. Ошентсе да адис сууну үйдөн фильтрдин жардамы менен алса болорун сунуштаган.