ДССУ Өзбекстандын коронавируска каршы эки вакцинасын карап жатат

Марттын соңунда саламаттык сактоо министри Абдухаким Хаджибаев Өзбекстан коронавируска каршы өзүнүн вакцинасын өндүрө баштаганын жар салган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Өзбекстандын коронавируска каршы эки вакцинасы талапкер препарат катары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине киргизилди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан кабарлады.
Өзбекстандын Инновация министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, кеп коронавирустун S-белогунун негизинде жасалган аргындашкан вакцина жана коронавирустун spike-белогунун негизинде жасалган ДНК-вакцина тууралуу болууда. Биринчиси Алдыңкы технология борборунда даярдалса, экинчиси Өзбекстандын Илимдер академиясындагы Геномика жана биоинформатика борборунан чыккан.
Уу коргошун ичкендерден кагаз жүзүндө уруксат алган эмеспиз. Министрдин маеги
Буга чейин премьер-министр Абдулла Арипов жыл аягына чейин Өзбекстан коронавируска каршы өзүнүн вакцинасын чыгарып калышы ыктымал экенин айткан. Мындан тышкары, ал Россияда өндүрүлгөн "Спутник V" вакцинасы коңшу мамлекетке апрелдин аягына чейин алып келинерин белгилеген.
Марттын соңунда саламаттык сактоо министри Абдухаким Хаджибаев Өзбекстан коронавируска каршы өзүнүн вакцинасын өндүрө баштаганын жар салган. Анын айтымында, аталган препаратты апрелде жаныбарларга сынап, изилдеп көрүү пландалган.