БИШКЕК, 18-апр.— Sputnik. Кыргызстандык гимнаст Аина Маратова цирк өнөрү боюнча балдар арасындагы эл аралык фестивалда алтын медаль утту. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан кабарлады.
Кыргызстандык гимнаст Аина Маратова цирк өнөрү боюнча балдар арасындагы эл аралык фестивалда алтын медаль утту
© Фото / предоставлено Аидой Акматовой
Ага ылайык, "Жибек Жолу" деп аталган балдар сынагы 15-17-апрелде Ташкент шаарында өткөн. Ага 8 жаштан 16 жашка чейинки балдар-кыздар катышкан.
Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай жана Казакстандан барган катышуучулар өнөрлөрүн мамлекеттик циркте көрсөтсө, Россия менен Украинанын артисттери коронавирус пандемиясынан улам номерлерин онлайн тартуулашкан.
Кыргызстандык жаш гимнаст кызды Аида Акматова жетектеп барып, ал буту менен жаа аткан. Сынактын аягында Аина Маратова биринчи орунду ээлеп алтын медаль тагынса, дагы бир алтын өзбекстандык Далер Хаметовго буюрган.
Экинчи орунду Өзбекстандын атынан катышкан Анастасия Бобылева менен Мубина Ганиева алса, үчүнчү орун өзбекстандык Ксения Конюшенко, Ксения Бобровага жана Украинанын атынан катышкан Анна Левинага берилген. Гран-прини казакстандык Арина Стаценко алып кеткен.