Кыргызстанда канча адам коронавируска каршы вакцина алганы айтылды

Өткөн суткада Бишкек менен Ош шаарында коронавируска каршы эч ким вакцина алган эмес. Жалпысынан эмделгендердин көбү Ош облусуна туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр.— Sputnik. Акыркы бир сутканын ичинде Кыргызстанда 816 киши коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бир сутка ичинде Бишкек менен Ош шаарында эч ким коронавируска каршы вакцина алган эмес.
Өткөн суткада эмделгендер:
Өлкөдө эмдөө башталгандан бери жалпы 9575 адам эмделген.
Коронавируска каршы эмделгендердин аймактар боюнча жалпы саны:
Эске салсак, 29-мартта Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын SinoРharm вакцинасы менен эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Эң алгачкылардан болуп түз эфирде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзү эмделген. Жалпысынан препараттын 150 миң дозасы алынган, биринчи кезекте ал Бишкек, Ош жана Чүй облусундагы медиктерге, социалдык кызматкерлерге жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө сайылмакчы.