Бир суткада коронавирус 244 адамдан табылып, үч киши каза болду

Азыркы тапта өлкө боюнча ооруканаларда 1 227 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 319 бейтаптын абалы оор болсо, 48 адамдыкы өтө оор.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 244 кишиден коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус аныкталгандардын саны 91 883кө жетти. Бир суткада 134 киши коронавирусту жеңип, оорудан айыккандардын саны 86 907 болду.
Айыккандар:
Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус үч кишинин өмүрүн алган. Анын экөө Бишкектен болсо, бирөө Ысык-Көлдө каза тапкан. Көз жумгандардын жалпы саны 1 549га жетти.
Азыркы тапта өлкө боюнча ооруканаларда 1 227 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 319 бейтаптын абалы оор болсо, 48 адамдыкы өтө оор.