Жазгы аллергиядан кантип сактанса болот? Иммунологдун кеңеши

Адис аллергиясы бар адам дарыгер жазып берген антигистаминдик каражаттарды жаз жана күз мезгилинде жанында алып жүрүп, чаң көп жакка барарда алдын ала ичип коюуну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. – Sputnik. Жаз менен чогуу аллергиянын дагы сезону башталат эмеспи. Андан кантип сактанып, жеңил-желпи өткөрүп ийүүнүн жолдорун Sputnik радиосунун эфиринде аллерголог-иммунолог Алексей Бессмертный айтып берди.
Апрель айында жер, бак-дарактар көгөрүп, өсүмдүктөрдүн чаңы уча баштайт. Адистин айтымында, айрым адамдардын организми аларды жактырбай, терс реакция кылат. Дал ушул нерсе аллергия деп аталат.
“Аллергиясы бар адамдар мындай учурда сыртка чыгып келери менен колу-бетин, мурун көңдөйүн жууп турушу керек. Үйдө болгон учурда болушунча терезелерди жаап, чаң киргизбөөгө аракет кылуу зарыл. Бөлмөдө чаң турчу жерлерди маал-маалы менен нымдуу майлык менен аарчып турган дагы жакшы. Ал эми көчөгө чыкканда бак-дарактан оолагыраак болгула”, — деди дарыгер.
Ошондой эле адис аллергиясы бар адам дарыгер жазып берген антигистаминдик каражаттарды жаз жана күз мезгилинде жанында алып жүрүп, чаң көп жакка барарда алдын ала ичип коюуну сунуштайт.
Мындан тышкары, өзүнөн аллергияны байкаган киши сөзсүз дарыгерге кайрылып, организми эмнени жактырбай жатканын билип алышы керектигин айтат.