Атылып жаткан жанар тоонун тушунда клип тарткан рок-ырчылар. Видео

Исландиялык белгилүү "Kaleo" рок-ырчылар тобу күйөрмандарын таң калдырууну көздөп, атылып жаткан Фаградальсфьядль жанар тоосунун тушунда клип тартышты.
Sputnik
Музыкалык клипти артисттер топтун расмий YouTube-каналына чыгарган. 
Кадрда тоодон ылдый аккан кызыл чоктун тушунда топтун аткаруучусу Джулиус Сондун ырдап жатканын көрүүгө болот. Клип вулкан атылган тоого жакын жерде тартылган.
Кыргыздар Scorpions ырчынын клибине тартылганбы? Калпакчан киши талкуу жаратууда
Артисттер клипти жанар тоону көрүүгө келишкен туристтер жок мезгилде, кечинде тартышканын айткан. Команда бул жерге зарыл болгон бардык жабдууларды алып келгени маалым болду.
Гелдингадалир өрөөнүндөгү Фаградальсфьядь жанар тоосунун атылышы 19-мартта башталган. Вулкан Исландиянын борборунан 50 чакырым алыстыкта болсо, өлкөнүн улуттук аэропортунан 32 чакырым аралыкта. Өткөн аптада узундугу 200 метрди түзгөн жарака ачылганы кабарланган.
Геологиялык изилдөөлөргө ылайык Рейкьянес жарым аралында акыркы ирет жанар тоо 800 жыл мурда атылган.