Дарья Маслова Тажикстандагы жарым марафондун жеңүүчүсү болду

Жөө күлүк 21 чакырымды бир сааттан ашык убакытта чуркап келген. Спортчунун машыктыруучусу ал бул аралыктагы көрсөткүчүн бир жарым мүнөткө жакшырта алганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Дарья Маслова Тажикстандагы эл аралык жарым марафондун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине спортчунун машыктыруучусу Татьяна Борисова билдирди.
Сүйүнүчтүн көз жашы! Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатынан алтын утту. Видео
Маслова 21,1 чакырымды 1 саат 12 мүнөт 2 секундда чуркап келген. Натыйжада бул аралыктагы көрсөткүчүн бир жарым мүнөткө жакшырта алган. Күмүш медалды өзбекстандык Вероника Гришина, коло байгени тажикстандык Гаффорзода Зулхиджа алган.
Ал эми эркектер арасында коло байгеге кыргызстандык Адилет Кыштакбеков ээ болгон.