265 киши вирус жуктуруп, эки бейтап көз жумду. COVID статистикасы

Буга чейин айрым аймактарда жаңы учурлар катталбай келсе, акыркы күндөрү вирус жугузгандар бардык облустарда табыла баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус 265 кишиден табылып, 152 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Айыккандар:
Жуктургандар:
Уу коргошун коронавирусту сакайта алабы. Россиялык адистин пикири
Акыркы суткада коронавирустан Бишкектин эки тургуну каза болду. Буларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вирустан көз жумгандардын саны 1 546га жетти.
Учурда стационарларда 1 130 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 287синин абалы оор болсо, 38 кишиники өтө оор деп бааланууда.