Кыргызстан Индиянын аскер спецназы менен эки жума тажрыйба алмашат. Сүрөт

Эки өлкөнүн аскер ведомстволор аралык достугунун алкагында жыл сайын "Канжар" машыгуусу өтүп келет. Бул ирет иш-чараны Кыргызстан уюштуруп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Өлкөдө Кыргызстан менен Индиянын атайын багыттагы аскерлери "Канжар –VIII" аталышындагы машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Индиянын жоокерлери учурда Кыргызстанга келишкен. Машыгуу эки жумага созулат.
1 / 6
Өлкөдө Кыргызстан менен Индиянын атайын багыттагы аскерлери "Канжар –VIII" аталышындагы машыгуу өткөрөт
2 / 6
Индиянын жоокерлери учурда Кыргызстанга келишкен. Машыгуу эки жумага созулат
3 / 6
Эки мамлекеттин аскерлери тоолуу шарттарда машыгып, мыйзамсыз түзүлгөн куралдуу топторду жок кылуу операциясын иштеп чыгышат
4 / 6
Соңунда аскерлер сабакта өткөндөрдүн бардыгын иш жүзүндө көрсөтүп бермекчи
5 / 6
Белгилей кетсек, "Канжар" биргелешкен машыгуусу Кыргызстан менен Индиянын аскер ведомстволор аралык достугунун алкагында жыл сайын өтүп келет
6 / 6
2019-жылы Индияда уюштурулган
Эки мамлекеттин аскерлери тоолуу шарттарда машыгып, мыйзамсыз түзүлгөн куралдуу топторду жок кылуу операциясын иштеп чыгышат.
"Ошондой эле биргелешкен машыгууда тактикалык, тоо, аскердик-медициналык жана ок атуу даярдыктары боюнча сабактар өткөрүлөт. Андан сырткары, чабуул учурунда имараттын ичиндеги аракеттердин тактикасы жана экстремалдуу шарттагы чаралар тууралуу практикалык сабактар жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Соңунда аскерлер сабакта өткөндөрдүн бардыгын иш жүзүндө көрсөтүп бермекчи.
Белгилей кетсек, "Канжар" биргелешкен машыгуусу Кыргызстан менен Индиянын аскер ведомстволор аралык достугунун алкагында жыл сайын өтүп келет. 2019-жылы Индияда уюштурулган.