Чака-чайнек, темир-тезектен кыя өтпөгөн муун. "Космонавттар көчөсү" сүрөттө

Sputnik

Өткөн кылымдын 60-жылдарынын башында Москвадагы бүткүл союздук кинематография институтунан билим алып келген алгачкы кыргыз режиссёрлору өз мекенинде космонавтика тууралуу тасма тартуу демилгесин көтөрүп чыккан. Алардын арасында сүрөтчү-коюучу Сагынбек Ишенов, оператор Кадыржан Кыдыралиев бар эле. Жаңы эле ЖОЖду бүтүрүп Фрунзеге келген киночулар фильмдин сценарийин Москвага жөнөтөт. Мамлекеттик кинематография комитетинен оң жооп алып, Кыргыз ССРинин борборуна режиссёр Марианна Рошал, оператор Илья Минковецкий атайын келген. Киночулардын көздөгөнүн камерага түшүрүүгө көмөктөшкөндөрдүн катарына кинокартинанын директору болуп Сагын Иманкулов, экинчи режиссёру катары Бекеш Абдылдаев, үн оператору болуп Төлөмүш Океев кошулган.

Дүйнөнү түрө кыдырган "Көз айнекчен". Тасмадагы кызыктуу ирмемдер
Юрий Гагариндин 1961-жылы 12-апрелде космоско алгачкылардан болуп учкандан кийин өсүп келе жаткан балдардын көпчүлүгү учкуч, космонавт болууну эңсеген. Мектеп окуучулары ар кайсы жерден эски темир-тезек, казан-аяктарды чогултуп космоско учуп чыгууга, планеталар арасында саякаттоого керектүү учуучу аппараттарды курашкан.

Өспүрүмдөргө арналган "Космонавттар көчөсүндө" Арстанбек Ирсалиев, Володя Зеленин, Төлөмүш Океев, Анара Садыкова, Виктор Колпаков, Даркүл Күйүкова, Калийча Рысмендиева, Шамшы Түмөнбаев, Бакы Өмүралиев, Владимир Смирнов, Күнболот Досумбаев роль жараткан.

Кинокартина "Кыргызфильм" студиясынын алдында апрель айында тартыла баштап, октябрь айында соңуна чыккан. Тасманы кары-жаш дебей миллиондогон адам көрүп, бат эле СССР элдеринин сүймөнчүлүгүнө айланып, мамлекеттик казынага ири көлөмдө акча түшкөн.

Баса, Sputnik редакциясы 12-апрелге карата космос менен Кыргызстанды байланыштырган 60 факты таап чыккан.

1 / 11
Үйдөгү чака-чайнектен жасалган космонавттардын "скафандрын" кийген окуучулар
2 / 11
Тегеректе колдонулбай жаткан темир-тезектен салынган балдардын космодрому
3 / 11
Жаш "космонавттын" машыгуу учуру
4 / 11
Фильмдин оператору Илья Минковецкий, үн оператору жаш Төлөмүш Океев болгон
5 / 11
СССРде "Космонавттар көчөсү" тасмасы балдарга ылайыкталган эң кассалуу фильмдердин катарына кирет
6 / 11
Ырдаган, бийлеген кичинекей кыялкеч космонавттар. Тасма тартуу маалындагы ирмем
7 / 11
Милиционерлердин колуна түшкөн учкучтардын бири
8 / 11
Гагарин космосту багындыргандан кийин Кыргыз ССРинин көптөгөн айылдарында ушундай учуучу аппараттар курулган
9 / 11
Космонавтика менен ооруган, жашаган өспүрүмдөр "иш" үстүндө
10 / 11
Жаш учкучтардын досу Марсик
11 / 11
Кинокартинада почточунун образын жараткан Абды Ибраимов