Францияда AstraZeneca вакцинасын алгандан кийин 8 адам каза болду

2-8-апрель аралыгында дарыгерлер вакцина алгандардын арасынан тогуз адамда тромб пайда болуп, дагы эки адамда кандын айлануусу начарлаганын байкаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Францияда коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын алган соң тромбоз илдети пайда болуп, сегиз адам каза болду. Бул тууралуу Дары каражаттарынын коопсуздугу боюнча улуттук агенттикке шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Спутник V" түзүүчүлөрү: тромбоз менен вакциналардын байланышын изилдөө керек 
2-8-апрель аралыгында дарыгерлер вакцина алгандардын арасынан тогуз адамда тромбоз пайда болуп, дагы эки адамда кандын айлануусу начарлаганын байкаган.
Францияда аталган препарат колдонула баштагандан бери жалпысынан 23 адам тромбозго кабылган.