Чүйдө алты күндөн бери 21 жаштагы жигит изделүүдө. Сүрөт

Бала 11-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Укук коргоо органдары аны табышууга жардам сурап, белгилерин атады.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Чүй облустук милициясы 21 жаштагы Байсалбек Каныбек уулу изделип жатканын кабарлады. 
21 жаштагы Байсалбек Каныбек уулу
Маалыматка ылайык, Студенттер айылынын тургуну 11-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 168-169 сантиметр, дене түзүлүшү орто, чачы кара жана кыска. Кара күрмө, узун жеңдүү чакмак көйнөк, кара жинсы шым жана кара туфли кийип жүргөн.
Милиция жоголгон бала тууралуу маалыматы барларды төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: