Жеңил атлетчилер өлкө чемпионатында күч сынашат

Турнир Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы жана өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясы тарабынан уюштурулууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бүгүн жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Мелдеш 16-17-апрелде Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада өтмөкчү.
Турнир Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы жана өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясы тарабынан уюштурулууда.
Расмий жарыштар саат 15:00дө башталары айтылды.
Эскерте кетсек, жеңил атлетика боюнча Кыргызстан курама командасында Олимпиадага үч лицензия бар.