Рамзан Кадыров UFC мушкери менен кармашты. Видео

Машыгуу залындагы күрөштүн видеосун мушкер социалдык тармактардагы баракчасына жайгаштырган. Видеого ар түрдүү комментарийлер жазылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров чечен тектүү швециялык UFC мушкери Хамзат Чимаев менен жекеме-жеке кармашка чыкты. Машыгуу залындагы күрөштүн видеосун мушкер өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.
Чимаев толук кандуу машыгуу жүрүп жатканын жазган.
"Чеченстан Республикасынын лидеринин жетекчилиги менен машыгуу толук кандуу жүрүп жатат", — деген ал.
58 жаштагы бокс легендасы Эвандер Холифилд рингге чыгат
26 жаштагы Чимаев буга чейин ден соолугуна байланыштуу карьерасын жыйынтыктай турганын жар салган болчу. Кийинчерээк Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров аны спорттук машыгуусун улантууга ынандырганын билдирген.
Чимаев 2020-жылдан тарта UFC уюмунун беттештерине чыгып, 66 күндүн ичинде үч беттеш өткөрүп, баарында тең мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен.