Ак үйдүн алдында Бишкек менен Чүйдөн келген медиктер митинг өткөрдү. Видео

Ак халатчандар парламенттин имаратынын алдына келип, бийлик убадалаган компенсацияны төлөп берүүнү талап кылышты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Ордо калаада Ак үйдүн алдында медицина кызматкерлеринин митинги өтүүдө.
Нааразычылык акциясына жалпысынан 100гө чукул адам катышууда. Медиктер парламенттин имаратынын алдына келип, бийлик убадалаган компенсацияны төлөп берүүнү талап кылышты. Кеп коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылагандыгы үчүн төлөнчү компенсация тууралуу болууда. Чогулгандар аз айлык акыларына да нааразы экенин айтышкан.
Алар колдоруна "1-апрелден тарта медайымдардын да маянасы 100 пайызга көтөрүлсүн" деген жазууларды көтөрүп алышкан. Акциянын катышуучулары парламент имаратынын алдында 10 мүнөттөй туруп, андан соң Эски аянтты көздөй Өкмөт үйүнө жөнөшкөн.
1 / 3
Ордо калаада Ак үйдүн алдында медицина кызматкерлеринин митинги өтүүдө
2 / 3
Нааразычылык акциясына жалпысынан 100гө чукул адам катышууда
3 / 3
Медиктер парламенттин имаратынын алдына келип, бийлик убадалаган компенсацияны төлөп берүүнү талап кылышты.