Мамытов КМШ парламенттерин коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды

Төрага коронавирус пандемиясынын тушунда да терроризм менен экстремизм аймакта эле эмес, бүтүндөй дүйнөдө актуалдуу бойдон калганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов КМШ өлкөлөрүнүн парламенттерин учурдагы коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов КМШ өлкөлөрүнүн парламенттерин учурдагы коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды
2 / 2
Төрага дүйнө коомчулугу СOVID-19 пандемиясы менен күрөшүп жаткан учурда да терроризм жана экстремизм көйгөйлөрү актуалдуулугун жоготпой, мурдагыдай эле глобалдык жана аймактык коопсуздуктун негизги коркунучу катары калып жатканын белгиледи.
Төрага дүйнө коомчулугу СOVID-19 пандемиясы менен күрөшүп жаткан учурда да терроризм жана экстремизм көйгөйлөрү актуалдуулугун жоготпой, мурдагыдай эле глобалдык жана аймактык коопсуздуктун негизги коркунучу катары калып жатканын белгиледи.
Ал ошондой эле Ислам мамлекети жана башка радикалдык топтордун идеологиясынын жайылуусуна, террордук уюмдарга жарандардын тартылуусуна, Афганистандагы жана Жакынкы Чыгыштагы абалга карата Кыргызстандын кооптонуусу тууралуу сөз кылды.
"Биз терроризм менен экстремизмге бөгөт коюп, аларга байланышкан жараяндарга, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө, адамдарды жана куралдарды сатууга, арам акчаларды адалдоого, коррупцияга жана терроризмди каржылоого каршы биргелешип күрөшүүбүз кажет", — деди Мамытов.
Жапаров БУУнун өкүлү менен жолукту. Талкууланган маселелер
Сөзүнүн соңунда төрага конференциянын катышуучуларына Ирактагы өмүрү жана саламаттыгы коркунучта калган балдарды куткарып, аларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча иш алып барган "Мээрим" гуманитардык миссиясы тууралуу маалымат берди.
Россиянын Федералдык жыйынынын Федерациялар кеңешинин жетекчиси Валентина Матвиенко дагы эл аралык терроризм коопсуздукту камсыздоодо негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон турганын белгиледи.
"Өткөн жылы пайда болгон коронавирус пандемиясы террордук коркунучка каршы туруу ишин дагы бир кыйла татаалданткан жаңы фактор болуп калды", — деди ал.
ТИМ башчысы КМШдагы кесиптештери менен маанилүү документтерге кол койду
Матвиенко мындай татаал кырдаалда эл аралык кызматташууну ар тараптуу бекемдөө, алардын ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун арттыруу, глобалдуу масштабдагы мыйзамдык коопсуздукту өркүндөтүү өзгөчө маанилүү болорун айтты.
Белгилей кетсек, Талант Мамытов жетектеген делегация 14-апрель күнү "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында эл аралык парламенттик конференцияга катышуу үчүн Россияга учуп кеткен. Бул пандемия жарыялангандан бери биринчи офлайн жыйын болду.