230 кишиден вирус табылып, төрт адам каза болду. COVID боюнча статистика

Өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 91 374кө жетсе, анын ичинен 86 621и сакайып кетти. Учурда стационарларда 1 070 бейтап дарыланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус 230 кишиден табылып, 130 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Айыккандар:
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 91 374кө жетсе, анын ичинен 86 621и сакайды.
Акыркы суткада коронавирустан төрт киши каза тапты. Алардын үчөө Бишкек шаарынын, бири Чүй облусунун тургундары болгон. Буларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вирустан көз жумгандардын саны 1 544кө жетти.
Учурда стационарларда 1070 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 248инин абалы оор болсо, 35 кишиники өтө оор деп бааланууда.