Кайгуул милициясы кыз ала качкан шектүүнү кармады

Кечээ кечинде 102 телефонуна коңгуроо кагылып, шаардан кыз ала качылганы кабарланган. Кайгуул милициясы шектүүнү заматта колго түшүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Милиция кызматкерлери Бишкекте кыз ала качкандарды кармашты. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.
Кечээ, 15-апрелде, саат 20:20лар чамасында 102 телефонуна коңгуроо болуп, шаардын Шопоков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен кыз ала качышты деп кабарланган.
Новиков адам уурдоодо ыкчам реакция кылуу алгоритмин иштеп чыгууну сунуштады
Кайгуул милициясынын кызматкерлери келген учурда белгисиз адамдар "Субару-Легаси" унаасына кызды күч менен салып, белгисиз тарапка кеткени аныкталган.
Чакыруу менен келген милиция дароо эле ыкчам иликтөө чараларын көрүп, натыйжада А.А. аттуу 26 жаштагы жаранды колго түшүргөн. Ал Бишкектин Свердлов райондук милициясына өткөрүлүп берилген.
Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.