Радио

Шигаев: жылдан-жылга баңгизатын колдонгон адамдар азаюуда

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу аналитикалык башкармалыгынын башчысы, милициянын подполковниги Айдар Шигаев пандемиядан улам баңгизаттар интернет аркылуу сатылып баштаганын айтты.
Sputnik
Жылдан-жылга баңгизатын колдонгон адамдар азаюуда. 2019-жылы 8 448 адам болсо, 2020-жылы 8 300гө түштү. Бул тууралуу Айдар Шигаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баңгизатка көз карандылыкты алдын алуу үчүн өспүрүмдөр менен иштеген мугалимдер, ИИМдин тутумундагы инспекторлор чогуу иш жүргүзөт.
"Учурда Африкада трамадол деген психотроптук опиоиддик анальгетик чоң көйгөй жаратууда. Бул ооруну басаңдатуучу каражат багыттуу эмес, кыянаттык менен пайдаланылып жатканы белгилүү. Бизде фармацевтикалык психоактивдүү заттар боюнча көзөмөл күчтүү. Саламаттык сактоо министрлигинин курамында баңгизаттарды мыйзамсыз колдонууга каршы күрөшүү боюнча башкармалык бар. Биз алар менен чогуу иш алып баруудабыз. Учурда синтетикалык баңгизаттар интернет аркылуу сатылып, аны ташыган курьерлер, мигранттар болуп калууда. Пандемиядан улам бүт эле баңгизаттар, ок атуучу курал-жарактар, порнография индустриясы, экстремисттик материалдар да интернет аркылуу таркатыла баштады. Бул үчүн программа менен иштеген атайын адистерди ишке тартуу керек. Негизи психоактивдүү, адамдын аң-сезимине таасир этүүчү заттар ооругандарга гана дарыгердин рецеби менен дарыканада сатылат", — деди Шигаев.
Ал баңгизат маселеси жана анын кесепетин чагылдырган чыгарма театрларда коюлганын, баңгизатка каршы демилгеси менен эл көп чогулган жайларда адамдарга түшүндүрүү иштери, спорттук иш-чаралар жүргүзүлүп турарын кошумчалады.