БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Россияга арнап сөз сүйлөп, анда Вашингтон менен Москванын ортосундагы мамилеге келечеги бар деген баасын берди. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Өз сөзүндө америкалык лидер апта башында Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн эске салып, Россия президенти менен сый жана ачык баарлашканын белгилеген.
"Биз эки улуу державанын өкүлүбүз. Дүйнөдөгү туруктуулук үчүн бул эки мамлекеттин жоопкерчилиги чоң. Президент Путин экөөбүз эки өлкөнүн ортосундагы мамилени сактоо үчүн жооптуубуз", — деген Байден.
Саясатчы россиялыктар менен америкалыктарды "намыскөй, патриот эл" деп атап, бардыгы келечектин тынч жана коопсуз болушуна кызыкдар экенине токтолгон.
Байден "АКШдагы шайлоого кийлигишкени үчүн" Россияга каршы санкция киргизилгенин мойнуна алды. Кырдаал ушул нугун сактап калса болмоктугун, бирок ал башка багытты тандап алганын кошумчалаган.
"АКШ эскалациянын кезектеги циклин баштагысы келген жок, Россия менен чырдашууну каалабайт. Биз туруктуу мамилеге кызыкдарбыз. Бирок эгер Россия ички иштерибизге аралашууну уланта берсе, мен ага жооп катары жаңы кадамдарга барууга даярмын",— деген АКШ лидери.
Байден Путин менен жеке сүйлөшүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ал эки мамлекеттин ортосундагы мамилени жакшыртууга түрткү болушу керектигин кошумчалаган.
АКШ президенти Вашингтон менен Москва дүйнөдөгү бир катар көйгөйлөр боюнча чогуу иштей аларын айткан. Алардын катарында курал-жаракты көзөмөлдөө, коопсуздук бар. Байден СНВ-3 келишимин беш жылга узартууну мисал катары келтирген.
Эске салсак, апта башында Жо Байден менен Владимир Путин экөө телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тарап тең Россия менен АКШнын гана кызыкчылыгы эмес, бүткүл дүйнө коомчулугуна пайда алып келүү үчүн мындан ары дагы диалогду улантууга даяр экенин билдиришкен. Сүйлөшүүдө Байден Путинди үчүнчү өлкөдөн жолугууга чакырган.