Алмазбек Акматов өлкөнүн Эсептөө палатасына төрага болду

Акматов февраль айында эле аудитор болуп шайланган болчу. Ал Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактык бөлүмдөрүн жетектеген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Акматов февраль айында эле аудитор болуп шайланган болчу. Ал Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактык бөлүмдөрүн жетектегени маалым.
Бактыбек Аманбаев АКШга элчи болуп дайындалды
Буга чейинки жетекчи Улукбек Марипов февраль айында премьер-министр кызматына дайындалган. Жаңы башчы дайындалганга чейин бул милдетти аудитор Айжан Садыркулова аткарып келди.
Алмазбек Акматов бул кызмат орунга Конституциянын 64-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" мыйзамынын 16-беренесинин негизинде дайындалды.