Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова төртүнчү ирет Азия чемпиону болду

Тыныбекова этаптык беттештерде Индия, Казакстан, Корея жана Өзбекстандын спортчуларын жеңип, финалга чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынан алтын медаль утуп алды.
Тыныбекова финалда монголиялык балбан менен кез келип, натыйжада 11:0 эсеби менен жеңишти камсыздады.
Ал 62 килограммдык салмак категориясында күрөштү. Этаптык беттештерде Индия, Казакстан, Корея жана Өзбекстандын спортчуларын жеңип, финалга чыккан.
Айсулуу Тыныбекова ушуну менен төртүнчү ирет Азия чемпиондугун багындырууда. Буга чейин Таиланддагы (2016), Индиядагы (2017) жана Кытайдагы (2019) турнирлерден алтын менен кайткан. Ал эми былтыр Нур-Султанда дүйнө чемпиону болуп, Токио Олимпиадасына жолдомо алган.