Жапаров "кызыл зонада" дарыланып жаткандарга барып кабар алды. Видео

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде, Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасындагы "кызыл зонага" барганын маалымат кызматы билдирди.
Sputnik
Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев учурда 354 бейтап дарыланып жатканын, алардын 14ү өтө оор, 144ү оор абалда экенин белгиледи.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүлүп жаткан чараларга токтолуп, үчүнчү толкунга даярдануу алкагында бардык медициналык мекемелерде дары-дармектин жетиштүү кору бар экендигин белгиледи.
Жапаров бир катар медиктердин айлыгын көтөрдү
"Кызыл зонада" мамлекет башчысы бейтаптардын, анын ичинде реанимация бөлүмүндөгү абалы өтө оор болгондордун саламаттыгынан жана дарылоо шарттарынан дагы кабар алган.
Мамлекет башчы учурда өлкө жетекчилиги медицина кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча иш алып барып жаткандыгын, атап айтканда, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылгандыгын, башка категориядагы дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү пландаштырылып жатканын белгилеп өттү.