Жапаров: дарыгерлер коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма табышты

Мамлекет башчы жарандарды санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоого жана коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма табышты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдиргенин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчы бүгүн, 15-апрелде, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бир катар медициналык мекемелеринде болуп, кыргызстандыктарды бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоого жана коронавирус инфекциясынын алгачкы белгилери байкалары менен тезинен ооруканаларга кайрылууга чакырган.
"Жандандыруу бөлүмүндө көбүнчө жардам сурап кайрылбай үйүндө жата бергендер же такыр болбой баратканда келген бейтаптар экен. Ошондуктан элге айтарым, жөтөлүп же оорунун ушундай бир белгилери пайда болору менен ооруканага барыңыздар. Жаңыдан башталганда барып кайрылсаңыздар биздин дарыгерлер 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышты", — деди Жапаров.
Президент ошондой эле жарандарды коронавируска каршы вакцина алууга чакырган.
Коронавирус күч алды. Акыркы жолу өлкөдө 300 учур качан катталды эле
"Сиздерден суранарым, баарыңыздар вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө республика боюнча болгону төрт миңдин тегерегинде гана адам эмделди. Вакцина бар. Аймактагылар ар бир райборборго барсаңыздар болот. Кудай буюрса, биз катаал карантин талаптарын киргизбей, абалдан чыгып кеткенге бардык күчүбүздү жумшайбыз", — деди өлкө башчы.
Садыр Жапаров "кызыл зонада" жаткандарга дагы барып кабар алды.