Пригородное: айыл өкмөттү басып алган аялдар имараттан чыгып, курчоо алынды

Нааразы болгондор насыяларын жокко чыгарууну, деги эле Кыргызстанда кредитти жоюуну өтүнүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратынан насыясын төлөй албай калып өрттөнөбүз деген аялдар чыкты. Алар ишемби күнү премьер-министр Улукбек Марипов менен жолукмай болушту.
"Былтыртан бери нааразычылыктарды билдирип келдик, акыры ушуну кылдык. Сиздерди сарсанаа кылганыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Биз өз талаптарыбызды койдук, аткарылат деп ишенебиз. Насыя дегенди жоюшсун, ставкаларды азайтсын, финансылык кул болуп келдик. Насыябызды жокко чыгарышсын. Кредит боюнча бир жылга каникул беришсе жеңил болот эле", — дешти алар.
Катышуучулардын бири Марипов менен жолугушуу 17-апрелге саат 10:00гө пландалганын айтты.
Пригородное айылындагы чуу: айыл өкмөт башчысы окуянын чоо-жайын айтты
Эскерте кетсек, айыл өкмөтүнүн имаратын бир нече аял басып алганы тууралуу маалымат бүгүн эртең менен түшкөн. Анда насыянын айынан үйлөрүнөн ажырап калуу кооптуулугуна кабылган 10дой аял имаратка кирип алып, бензин толтурулган бөтөлкөлөрү менен өздөрүн өрттөй турганын айтышкан болчу.
Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, вице-премьер Улукбек Кармышаков келген. Андан соң бир бөлүгү вице-премьер менен Бишкекке чыгып, премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушкан.
Жанын кыюуга даяр аялдардын маселеси менен президент Садыр Жапаров да кабардар болгону айтылган.