Салык кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Жаңы төрага буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Илияз Иманбетов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Кыргыз темир жолу" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды
Кечээ жаңы жетекчини экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков жамаатка тааныштырды. Ал буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген. Салык чөйрөсүндө 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар, басымдуу бөлүгүндө жетекчилик кызматтарды аркалаган.