ТИМ Кыргызстанга 9 өлкөнүн жарандарын визасыз киргизүүнү демилгеледи. Тизме

Мыйзам долбоорунун максаты — туризм тармагын өнүктүрүү, экономиканы колдоо боюнча чет элдик инвестициялык агымды жакшыртуу.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстанга тогуз өлкөнүн жаранын 60 күнгө чейин визасыз режим менен киргизүү сунушталууда.
Аталган мыйзам долбоорун Тышкы иштер министрлиги демилгелеп, парламентте биринчи окууда каралды.
ТИМ башчынын орун басары Азизбек Мадмаров документтин максаты туризм тармагын өнүктүрүү, экономиканы колдоо боюнча чет элдик инвестициялык агымды көбөйтүү экенин белгиледи.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстан инвестицияга муктаж өлкөлөрдүн катарында. Бул мыйзам кабыл алынса жакшы таасирин берет деп ойлойбуз. Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Македония, Румыния, Таиланд, Мексика өлкөлөрүнүн жарандарын визасыз киргизүүнү сунуштап жатабыз", — деди Мадмаров.
Аны менен катар Бириккен Улуттар Уюмунун кызыл паспортун алгандарды да 60 күнгө визасыз киргизүү сунушталып жатканын айтты.
Марипов авиабилеттерди арзандатуу боюнча кеңешме өткөрүп, тапшырма берди
Мадмаровдун айтымында, аталган паспорттор БУУнун жогорку кызматтагы адамдарына берилет. Бул Кыргызстан менен БУУнун ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү жана жогорку деңгээлге көтөрүү максатында сунушталууда.
Мындан сырткары, дүйнөдөгү кырдаал өзгөргөн учурда визасыз режимге укуктуу чет өлкөнүн жарандарынын өлкөгө келишине чектөө киргизүү демилгеленүүдө. ТИМ мындай муктаждык былтыр коронавирус жайылган учурда жаралганын белгилейт. Себеби ал маалда өз убагында ыкчам аракет көрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калган.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 53 өлкөнүн жарандары визасыз келе алат.