Айзаданын өлүмү. ИИМ алдындагы митингчилерди 50дөй киши кубалап таратты. Видео

Митингге кийин келгендер бейөкмөт уюмдардын Кыргызстанга кереги жок экенин айтып, кыйкырып, ага чейин чогулгандарды кубалашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкекте Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу ИИМдин алдында митинг өткөрүп жаткандарды 50дөй киши келип кубалады.
Окуянын видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналына жарыяланды.
Видеодон көрүнүп тургандай, митингге кийин келгендер бейөкмөт уюмдардын Кыргызстанга кереги жок экенин айтып, кыйкырып, ага чейин чогулгандарды кубалашкан. Жеринде милиция кызматкерлери да иштеп жатышат.
"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги
Эске салсак, буга чейин уурдалып киши колдуу болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү эки күндөн кийин табылганына нааразы болгондор өткөн бейшемби күнү ИИМ, Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан. Алар милициянын шалаакылыгына нааразы болуп, ИИМ жетекчилигинин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы митингчилерге каршы чыккан эркектердин жоон тобу Өкмөт үйүнө бара жатканын айтты.