Эрмитажга кыргызстандык фотограф Табылды Кадырбековдун эмгектери коюлду

Ар кайсы өлкөдөн келген фотографтар "Мен бул жерде жашайм" көргөзмөсүнүн алкагында мекени жана сүрөттөгү каармандары тууралуу айтып беришет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Санкт-Петербургда "Мен бул жерде жашайм" аттуу эл аралык көргөзмө ачылып, ал жерге эл аралык Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун фотографы Табылды Кадырбековдун дагы эмгектери коюлду.
1 / 3
Санкт-Петербургда "Мен бул жерде жашайм" аттуу эл аралык көргөзмө ачылып, ал жерге эл аралык Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун фотографы Табылды Кадырбековдун дагы эмгектери коюлду
2 / 3
Бул көргөзмөгө катышуу үчүн Кадырбековдун "Жыл сайын өтүүчү мелдештер..." аттуу фотосериясы тандалып алынган
3 / 3
Анда кыргыздардын улуттук ат оюндарына кирген көк бөрү жана аламан улак чагылдырылган
Бул көргөзмөгө катышуу үчүн Кадырбековдун "Жыл сайын өтүүчү мелдештер..." аттуу фотосериясы тандалып алынган. Анда кыргыздардын улуттук ат оюндарына кирген көк бөрү жана аламан улак чагылдырылган.
Көргөзмөнүн ачылышы 15-апрелде Мамлекеттик Эрмитаждын Башкы штабынын залында болду. Келген коноктор Россия жана башка мамлекеттерден келген 35 фотокабарчынын 200 эң мыкты эмгегин көрүштү. Ал эми фотографтар болсо өздөрүнүн жашаган жери жана сүрөттөгү каармандары тууралуу айтып беришкен.