Дастан Бекешев педофилдерди бычуу демилгесин кайрадан көтөрдү

Буга чейин 2013-жылы V чакырылыштын депутаттары балдарды зордуктаган адамдарды химиялык жол менен бычууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жаш балдарды зордуктаган педофилдерди бычып салуу мыйзамын кайрадан көтөрдү.
Эл өкүлү ушул мыйзам долбоорун колдоого алууну суранып мамлекет башчысына кайрылды.
"Биз V чакырылышта отурганда, 2013-жылы, балдарды зордуктагандарды химиялык жол менен бычууну сунуштаганбыз. Ошол учурда депутаттар колдогон, бирок президенттин каршы пикири менен мыйзам долбоору өткөн эмес. Дагы деле ушундай кылмыштар болуп жатат. Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында 7 жаштагы кызды 26 жаштагы киши зордуктаган. Мен ушул мыйзамды киргизүү үчүн президентке кайрылат элем", — деди Бекешев.
Ошондой эле ал педофилдерди химиялык жол менен бычуу мыйзамы кошуна Казакстанда эки жылдан бери иштеп келе жатканын белгиледи.