Облус башчысы: имаратты басып алган аялдар жоопко тартылбайт

Тентишев бардык маселе ишемби күнү Өкмөт үйүндө Мариповдун катышуусу менен чечиле турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Чүйдөгү Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын басып алган аялдар азыр жоопкерчиликке тартылбайт. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
ЖМК өкүлдөрү облус башчысына "бул аялдар мамлекеттик ишкананы басып алды, ал үчүн жоопко тартылабы?"деген суроо узатышкан.
"Жок, азыр жоопко тартылышпайт. Алар ишемби күнү саат 10:00дө Марипов менен жолугушат. Анда болгон маселелер чечилет. Көйгөйлүү маселелер өтө көп", — деген Тентишев.
Ал имаратты басып алган аялдар менен өкмөт башчы өзү сүйлөшкөнүн айтып, "Марипов кандай тапшырма берсе ошону гана аткарабыз" деп сөзүн аяктаган.
Пригородное айылындагы чуу: айыл өкмөт башчысы окуянын чоо-жайын айтты
Эскерте кетсек, айыл өкмөтүнүн имаратын бир нече аял басып алганы тууралуу маалымат бүгүн эртең менен түшкөн. Анда насыянын айынан үйлөрүнөн ажырап калуу кооптуулугуна кабылган 10дой аял имаратка кирип алып, бензин толтурулган бөтөлкөлөрү менен өздөрүн өрттөй турганын айтышкан болчу.
Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, вице-премьер Улукбек Кармышаков келген. Андан соң аялдардын бир бөлүгү вице-премьер менен Бишкекке чыгып, премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушкан.
Жанын кыюуга даяр аялдардын маселесинен президент Садыр Жапаров да кабардар болгону айтылган.