Сүйүнүчтүн көз жашы! Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатынан алтын утту. Видео

Бул Жуманазарованын кыска убакыттагы экинчи чоң жеңиши. Бир нече күн мурда лицензиялык турнирде күмүш байге алып, Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Мээрим Жуманазарова Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылды.
Балбан 68 килограмм салмактагылар арасында күчүн сынады. Ал төрт кармаш өткөрүп, өзбекстандык, казакстандык, кореялык жана монголиялык спортчулар менен кармашты.
Социалдык тармактардагы спорттук баракчалар жүктөгөн видеодон Жуманазарова медаль тагынып жатып сүйүнгөнүнөн көз жашы токтобой ыйлаганын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, бул Жуманазарованын кыска убакыттагы экинчи чоң жеңиши. Бир нече күн мурда Казакстандагы лицензиялык турнирде күмүш байге алып, Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.