Суваналиев жетектеген делегация Ферганага барат. Максаты

Үч тараптуу жолугушуулар эки күнгө созулат. Облус жетекчилери бизнес-форумга катышуу учурунда бири-бири менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү дагы жүргүзүшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Өзбекстандын Фергана шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш облустардын башчыларынын үч тараптуу жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чара 22-апрелге белгиленген. Кыргызстандан Баткендин башчысы Өмүрбек Суваналиев жетектеген делегация барат.
Ворух анклавы алмашылабы. Тажик президентинин пикири
Ал эми 23-апрелде Фергана шаарында Баткен, Фергана, Согди облустарынын бизнес коомчулугунун катышуусунда "Чек ара аймактарын интеграциялоо — өнүгүүнүн кепилдиги" аталышындагы бизнес-форум өтөт.
Ошондой эле өнөр жай жана айыл чарба жаатында кызматташууга арналган пленардык жыйындар болуп, B2B жана G2B форматындагы сүйлөшүүлөр үчүн аянтча уюштурулат.
Иш-чаранын алкагында үч облустун башчыларынын да жолугушуусу каралган.
Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү облустун ири өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын иши менен таанышып, Фергана облусунун өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсүнө катышат.