360°. РФ окумуштуулары космостун интерактивдүү картасын түзүп чыгышты

Рентгендик картадан квазарларды, активдүү галактикалардын өзөгүн, Күндөн миң эсе жарык жылдыздарды жана башка объектилерди көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россия илимдер академиясынын жана Роскосмостун космосту изилдөө институту асмандын интерактивдүү рентгендик картасын түздү. Бул тууралуу мамлекеттик корпорациядан билдиришти.
Билдирүүдө панорамалык картадан 360 градустук көрүнүш менен квазарларды, активдүү галактикалардын өзөгүн, рентгендик пульсарларды, Күндөн миң эсе жарык болгон таажылуу жылдыздарды көрүүгө боло тургандыгы айтылат.
Карта "Спектр-РГ" россиялык-германиялык орбиталык обсерваториясында жайгаштырылган телескоптун жардамы менен түзүлгөн. Ал жакында объектилерди белгилөө функциясы менен толукталмакчы.