КМШ парламенттеринин төрагалары биринчи жолу офлайн жыйын өткөрөт

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврический сарайында болот. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары пандемия жарыялангандан бери биринчи жолу жолугушат. Жыйын 15-апрелде Санкт-Петербургда өтөт.
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврический сарайында болмокчу. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.
Катышуучулардын болжолдуу тизмеси:
Ал эми видео байланыш менен жыйынга Беларусь менен Тажикстандын парламенттеринин спикерлери кошулат.
Парламент төрагаларынын катышуусундагы конференция "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында өтөт.
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россияга учат
Ошол эле күнү Кеңештин жыйыны болуп, анда делегация жетекчилери шериктештиктин аймагында өткөн шайлоолорго Парламенттер аралык ассамблеядан катышкан эл аралык байкоочулардын ишин талкуулашат.
16-апрель күнү ПААнын штабында Ассамблеянын 52-пленардык жыйыны өтөт. Анда өзөктүү тема катары пандемия маалында миграциялык процесстерди мыйзам түрүндө көзөмөлдөө талкууланары айтылды. Ошондой эле парламент жетекчилери Ассамблея тарабынан даярдалган КМШга мүчө мамлекеттер үчүн миграциялык кодексти карашат.
Жыйындын жүрүшү Ассамблеянын сайтында www.iacis.ru жана "Вместе-РФ" vmeste-rf.tv. каналынан түз алып көрсөтүлө турганы маалым болду.