БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө жашаган ата-энеси жок калган Э. уулу Т. менен Б. М. аттуу балдар турак жай куруу үчүн жер тилкелерине ээ болушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Балдардын ар бирине 15 сотыхтан жер Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнөн бөлүнгөн.
Өлкө мыйзамдарына ылайык, томолой жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар кезексиз түрдө турак жай же жер тилкелери менен камсыз болууга тийиш экени белгиленет.
Турак жайы жок өспүрүмдөрдүн укугун коргоо максатында Тоңдун прокуратурасы райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын наамына прокурордук акт киргизген. Натыйжада Көл-Төр айыл өкмөтүнүн чечими менен өспүрүм балдарга жер тилкелери бөлүнүп берилип, ага ээлик кылуу укугун күбөлөндүргөн мамлекеттик актылар алынган.