Ош — Баткен жолунда жеңил автоунаа оодарылып кетти. Видео

BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Кызыл-Кыядан Баткен шаарын көздөй катуу ылдамдыкта бара жатып, унааны башкара албай жолдон чыгып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ош — Баткен жолунда жеңил автоунаа оодарылып, эки адам жабыркады. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн үгүт насаат иштери боюнча тескөөчүсү Шарабидин Айдаров тастыктады.
Кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram-каналына жарыяланган.
Айдаровдун айтымында, окуя бүгүн, 14-апрель күнү, саат 15:30дар чамасында Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө катталган. Анда BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Кызыл-Кыядан Баткен шаарын көздөй бараткан.
"Айдоочу саатына 80 чакырым ылдамдыкта баратып, рулду башкара албай калган. Натыйжада унаа оодарылып, жол четине чыгып кеткен", — деди Айдаров.
Кырсык болгон учурда автоунаанын ичинде айдоочудан тышкары дагы бир жүргүнчү болгон. Азыр анын өздүгү такталууда. Көлүк айып короого киргизилип, кырсыктын себеби иликтенип жатканы кошумчаланды.