БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ошто адам уурдоого шектелгендер кармалганын ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-апрель күнү милицияга арыз менен бир аял кайрылган. Ал 10-апрель күнү саат 22:00дө Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн чала тааныш адамдар ага күч колдонуу менен унаага салып кетишкенин билдирген.
"Автоунаада отурган белгисиз адамдар аялды Ош — Алай унаа жолу менен алып кеткендиги жана коркутуу максатында уурдашканы маалым болду. Алар аялды ээн талаага алып барып, күч колдонобуз деп коркутушкан", — деп айтылат маалыматта.
Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Ош шаары боюнча Тергөө кызматы Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
11-апрель күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда болжол менен саат 20:00дө Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде Алай районунун 38 жаштагы А.Э. аттуу жашоочусу Mitsubishi үлгүсүндөгү автоунаасы менен бара жатканда кармалган.
Кийин жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар делип Кара-Кулжа районунун 43 жаштагы жашоочусу А.С. менен Алай районунун 37 жаштагы П.С. аттуу тургуну колго түшкөн. Шектүүлөрдүн бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, шектүүлөр тиричилик маселелерин чечип алууну көздөп ушундай кадамга барышкан. Жабырлануучу аял чет мамлекетте иштеп, ишкерлик менен алектенет.
Азыркы учурда иликтөө уланып жатат.