Режиссер Геннадий Базаров ооруканадан чыгып үйүндө дарыланууда

Киночу бир нече жума президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жатып калган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-Апр. — Sputnik. КРдин эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаров ооруканадан чыгып үйүндө. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына өзү тастыктады.
Кинематографист учурда жакындарынын кашында.
"Кудайга шүгүр, ден соолук жакшы. Ооруканадан эки жума мурун чыккам, азыр үйдө дарыланып жатам", — деди ал.
40 жылдан бери чогуу түтүн булатып... Базаровдун үй-бүлөсүнүн таберик сүрөтү
Эске сала кетсек, Базаров март айынын башында өзүн начар сезип президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жатып калган.
Анда ак халатчандар киночунун абалы кичине жакшырып калганын айтышкан.
Геннадий Базаров 60 жылдан ашык убакыттан бери ата мекендик кинематография тармагында эмгектенип келет. Ал "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты тасмалардын автору.