Эртең Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

Суу кампасын оңдоого жана түтүктөрдү жайкы мезгилге даярдоого байланыштуу суу берүү үзгүлтүккө учурайт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Эртең, 15-апрелде, Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында суу өчүрүлөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ичүүчү суунун үзгүлтүккө учурашы "Батыш-2" суу кампасындагы оңдоо иштерине жана суу түтүктөрүн жайкы мезгилге даярдоого байланыштуу экени айтылат.
Төмөнкү көчөлөрдө саат 09:00дөн 21:00гө чейин суу берилбейт:
"Бишкек суу канал" ишканасы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаардыктарды алдын ала таза суу камдап алууга чакырат.