Апта ирмеми: ич кийимчен кыздардан Марстагы тик учакка чейин

Sputnik

Өткөн жумада Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча реферемдум болуп өттү.

Ал эми Арменияда оппозициячыл күчтөр премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылып жатышат. Өз бийлигине нааразы болгондордун арасында ирландиялыктар дагы бар. Алар COVID-19га байланыштуу чектөөлөргө каршы чыгууда.

Дүйнөдөгү эң бай 15 киши. Сүрөттөр
Саясаттан тышкары дагы пикир келишпестиктер болбой койгон жок. "Шри-Ланка — 2021" сынагында Пушпика Де Силваны биринчи орунду алышы менен куттуктоо салтанаты жүрүп жатканда 2019-жылы жеңүүчү болгон келин сахнанын артынан басып келип, кыздын башынан таажыны жулуп алган. Ал Де Силва күйөөсү менен ажырашып кеткендиктен мындай сынакта биринчи орунга татыбайт деген пикирин билдирген.

 

1 / 20
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон балмуздак жеп жатат
2 / 20
Бангкок шаарында (Таиланд) Кытайдын CoronaVac вакцинасын алып жаткан аял
3 / 20
Москвадагы "Космосту багындыргандарга" монументин жууп жаткан учур
4 / 20
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум болуп өттү
5 / 20
Франциялык багбандар жүзүм багын ыштын жардамы менен үшүктөн сактап калууга аракет кылууда
6 / 20
Түндүк Ирландияда COVID-19га байланыштуу чектөөлөргө каршы чыккандардын митинги күч алууда
7 / 20
Мадрид шаарында Mercedes Benz мода жумалыгы болду
8 / 20
Арменияда оппозициячыл күчтөр премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылып жатышат
9 / 20
"Шри-Ланка — 2021" сынагында мурдагы жылы жеңүүчү болгон келин, быйылкы жеңүүчү күйөөсү менен ажырашканын айтпай сынактын шартын бузганын белгилеп, башындагы таажыны жулуп алды
10 / 20
Индиядагы диний майрам учурунда
11 / 20
Ingenuity тик учагы NASA Perseverance марсоходунан ажыраган учур. Ал 471 миллион чакырым аралыкты басып өткөн
12 / 20
Team Tutberidze шоусуна катышып жаткан муз бийчиси Алена Косторная, Москва шаары
13 / 20
Исландиядагы атылганы жаткан жанар тоонун үстүнөн өтүп бараткан тик учак
14 / 20
Шони-Мишн паркындагы суунун үстүндө чакан кайык менен сүзүп жүргөн киши, АКШ
15 / 20
Майамиде сүрөткө түшүп жаткан кыз
16 / 20
Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин нааразычылык акциясына чыккан жарандар
17 / 20
"Байконур" космодромунан учуп бара жаткан "Союз-2.1а" ракета ташуучусу "Союз МС-18" кемесин алып бара жатат
18 / 20
Маркумдарды эскерүү күнүндө мүрзөгө келген кыздар, Гонконг
19 / 20
Сочи (Россия) шаарындагы BoogelWoogel-2021 карнавалында купальник кийип тоодон түшүп келе жаткан кыз
20 / 20
Бразилиядагы оорукананын кызматкери бейтаптарды Пасха майрамы менен куттуктап жатат