Аксыда ири көлөмдө курал сатууга камданып жаткандар кармалды. Сүрөттөр

Апрель айынын башында Криминалдык милициянын Аймактар аралык башкармалыгына белгисиз адамдар курал-жарак жана ок-дары сатуу үчүн кардар издеп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жалал-Абаддагы Аксы районунун 70 жаштагы тургунунун үйүнөн мыйзамсыз курал-жарак жана Кызыл китепке кирген жаныбарлардын териси табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 4
Жалал-Абаддагы Аксы районунун 70 жаштагы тургунунун үйүнөн мыйзамсыз курал-жарак жана Кызыл китепке кирген жаныбарлардын териси табылды
2 / 4
Билдирүүгө караганда, ушул жылдын апрель айынын башында Криминалдык милициянын Аймактар аралык башкармалыгына белгисиз адамдар курал-жарак жана ок-дары сатуу үчүн кардар издеп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн
3 / 4
Аталан факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазык кодексинин 253-беренесине ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") ылайык кылмыш иши козголгон
4 / 4
Анын алкагында Аксы районунун 50 жаштагы тургуну шектүү катары кармалган
Билдирүүгө караганда, ушул жылдын апрель айынын башында Криминалдык милициянын Аймактар аралык башкармалыгына белгисиз адамдар курал-жарак жана ок-дары сатуу үчүн кардар издеп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталан факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазык кодексинин 253-беренесине ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") ылайык кылмыш иши козголгон.
Анын алкагында Аксы районунун 50 жаштагы тургуну шектүү катары кармалган.
"Анын автоунаасынан 7.62 мм. калибрдүү СКС үлгүсүндөгү карабин табылды. Андан соң дагы бир шектүү, Аксы районунун 70 жаштагы тургуну жашаган жерде тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында жалпысынан жети курал менен анын тетиктери, 160тан ашык ар кандай калибрдеги октор, 140тан ашык гильза алынган. Ал эми уруксат алган документтер бир гана куралга тиешелүү болгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле үйдөн Кызыл китепке кирген эки сүлөөсүндүн териси табылган. Мындан сырткары, болжол менен баңгизатка окшош зат дагы табылып, экспертизалар дайындалды.