Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов биротоло акталды

Соттун өкүмү менен үй камагындагы бөгөт чарасы да күчүн жоготот. Ал эми камакка алынган мал-мүлк ээсине кайтарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов акталды.
Мындай өкүмдү бүгүн, 13-апрелде, Биринчи май райондук сотунун судьясы чыгарды.
Ошону менен бирге аларга буга чейинки үй камагындагы бөгөт чарасы да күчүн жоготот. Ал эми камакка алынган мал-мүлк ээсине кайтарылмай болду.

Текебаевдин иши

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пунктуларында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.
Депутат Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 млрд. сом төлөдү
Ал иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.
Кийин жаңы жагдайлардан улам Текебаев менен Чотоновдун ишин Жогорку сот кайра кароого жөнөтүп, Фемида өкүлдөрү өткөн жылдын 29-августунда эки саясатчыны үй камагына коё берген. Мындан улам иш кайра башынан Биринчи май райондук сотунда каралып келген.