Дүйнөдөгү эң бай 15 киши. Сүрөттөр

Sputnik

Эң байлардын тизмесинде дагы деле Amazon интернет-ритейлердин башкы директору Жефф Безос көч баштоодо. Анын байлыгы бир жыл ичинде 64 миллиард долларга көбөйгөн. Учурда анын мүлкү 177 миллиард долларды чапчыйт.

Илон Маск бир сутканын ичинде 6 млрд. долларга байып кетти
Tesla компаниясынын ээси, жеке ишкер Илон Маск экинчи сапта турат. Өткөн жылы анын компаниясынын акциялары 720 пайызга кымбаттап, рейтингдеги 31-катардан дароо экинчиге көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди.

LVMH мода үйүнө үй-бүлөсү менен ээлик кылган Бернар Арно үчүнчү сапка жайгашып, мүлкү 150 миллиард долларга бааланууда. Эскерте кетсек, россиялык супермодель Наталья Водянова Бернардын уулу Антуан Арнонун жубайы болот.

Рейтингге бардыгы болуп 2 755 миллиардер кирген. Алар былтыркыдан 660 кишиге көбөйгөн. Миллиардерлердин мүлкү жалпы жонунан 13,08 триллион долларга бааланууда. Бул рекорддук көрсөткүч.

 

1 / 15
Планетанын эң бай адамы Жефф Безос 2018-жылы Вашингтондо өткөн экономикалык клубдун жыйынында сүйлөп жаткан учуру
2 / 15
Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск автоунаанын жанында турат. 2020-жылы ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде болуп көрбөгөндөй секирик жасаган
3 / 15
Рейтингде үчүнчү сапта LVMH мода үйүнө ээлик кылган Бернар Арно жана үй-бүлөсү турат. Сүрөттө: Бернар Арно өмүрлүк жары, уулу Антуан жана келини россиялык супермодель Наталья Водянова
4 / 15
Microsoft компаниясын негиздеген Билл Гейтс 124 миллиард доллар мүлкү менен төртүнчү орунда турат. Ал жубайы менен дүйнөдөгү эң ири кайрымдуулук фондду жетектешет. Мындан сырткары, АКШнын 19 штатында дыйканчылык жерлери бар
5 / 15
Бешинчи сапты Марк Цукерберг ээлеген. Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсүнүн мүлкү 97 миллиардды чапчыйт
6 / 15
Уоррен Баффеттин байлыгы Цукербергдикинен бир миллиард долларга аз. Ал белгилүү Berkshire Hathaway инвестициялык мекемеге жетекчилик кылат. Уюм 60тан ашык компаниянын үлүшүнө ээлик кылат
7 / 15
Миллиардер Ларри Эллисондун негизги кирешеси Oracle компаниясынан түшөт. Мекеме программалык камсыздоо менен алектенет. Эллисондун мүлкү 93 миллиард доллар деп бааланат
8 / 15
Ларри Пейж менен Сергей Брин дүйнөдөгү эң популярдуу Google издөө системасын иштеп чыгышкан. Байлардын тизмесинде сегизинчи катарда турган Ларри Пейждин мүлкү 91,5 миллиард доллар
9 / 15
Сергей Бриндин 89 миллиард долларлык мүлкү бар. Анын атасы 1977-жылы Советтер Союзунан жер которуп кеткен
10 / 15
Индиялык Мукеш Амбани ааламдагы эң байлардын тизмесиндеги алдыңкы ондукка кирген азиялык жалгыз өкүл. Ал ири мунай компаниясынын акционери болуп саналат. Мындан сырткары, 4G-интернет кызматын көрсөтүүчү компанияга ээлик кылат
11 / 15
Inditex корпорациясын негиздеген испаниялык Амансио Ортега 11-сапта турат. Ал бир катар дүйнөлүк бренддерди башкарат, алардын эң атактуусу – Zara
12 / 15
Франсуаза Беттанкур-Майерс L'Oreal косметикалык бизнес-империясын негиздеген адамдын небереси болуп саналат
13 / 15
Кытайлык Чжун Шаньшань суусундук чыгаруучу компанияга жана медициналык корпорацияга ээлик кылат
14 / 15
Microsoft компаниясынын мурдагы башкы директору Стив Балмер рейтингде 14-сапта
15 / 15
Ма Хуатэн Tencent Holdings интернет-холдингге ээлик кылат. WeChat мессенжери дал ушул уюмга таандык. Кытайлыктын ошондой эле дүйнөдөгү башка ири долбоорлордо да үлүшү бар.